БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык күчтөрүнүн машыгуусуна даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда "Өз ара аракет-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" машыгуулары пландалган.
ЖККУ мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү машыгуулардын сценарийин, планын карап чыгып, иш-чараны кынтыксыз өткөрүү үчүн сунуш-пикирлерди талкуулашты. Мындан тышкары, машыгуулардын өтчү жери тууралуу да сөз болгон.
Нытайжада тиешелүү протоколго кол коюлганы айтылды.