Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталды

2022-жылдын октябрында 20дан ашуун активист менен саясатчы массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталды. Бул тууралуу процесске катышып жаткан жактоочулар кабарлады.
Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган. Акталгандар соттук өкүм күчүнө киргиче үй камагында болот.
Эске салсак, 2022-жылдын октябрында 20дан ашуун активист менен саясатчы массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Кемпир-Абаддын астындагы жер Өзбекстанга өтүп, ал эми Кыргызстанга бардык талаштуу жер калат деген келишимге каршы чыгышкан эле.
Ошондой эле айыпталуучулардын айрымдарынын иши өзүнчө өндүрүшкө алынгандыктан аларга өкүм чыга электиги маалымдалды.
Жапаров: Өзбекстан менен чек ара жаатында процесстер аяктады, бул — тарыхый окуя