Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи бөбөктүн сөөгү табылды

Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жыргалаң суусуна түшүп кеткен К.М. аттуу жети жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 28-майда, куткаруучулар наристени Дача тилкесиндеги көлдүн жээгинен 500 метр алыстыктагы суунун ичинен табышкан. Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.
Эске салсак, 18-майдан бери аталган суудан эки кыз изделип жаткан. Алар Михайловка айылындагы Дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна түшүп кетишкен. Биринин сөөгү табылып, экинчиси изделип жаткан.
Нарын дарыясынын жээгинен алты жаштагы баланын сөөгү табылды