Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Узартпай талкалоодо". Батыш Россиянын "сюрпризинен" улам коңгуроо кага баштады

Лаплант бутага түз тийген америкалык жаңыланган ракеталар Москванын радиоэлектрондук күрөшүнөн улам ойлогондой иштебегенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россия РЭКтин (радиоэлектрондук күрөш) жардамы менен Украинадагы Батыш берген куралдарды улам иштен чыгарып да, ооздуктап да жатат. Бул туурасында РИА Новости Lidovky басылмасына таянып жазды.

"Бир нече күн мурда эле америкалыктар Киевге жиберген, бутага айныбай барып тиет деген куралдардын иштен чыкканын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Макалада АКШнын коргоо министринин куралдануу жана аларды сатып алуу боюнча орун басары Уильям Лаплант бутага түз тийген америкалык жаңыланган ракеталар Москванын радиоэлектрондук күрөшүнөн улам ойлогондой иштебегенин билдиргени айтылат.
Батыштын ракеталарын "тынчытыш" үчүн көптүн деле кереги жоктугу, бир жолу жасалган аракеттен кийин спутниктен жайгашкан жери тууралуу сигнал бере албай калары белгиленген.
"Баасы он миңдеген долларды чапчыган Батыштын ракеталары ушундай жол менен "куралсызданат" тура", — деп жазган басылма.
ЖМКлар радиоэлектрондук күрөш боюнча россиялык техникалардын майнаптуу экенин бир нече ирет жазышкан. The New York Times алар украиналык дрондорду байма-бай атып түшүрүп жатканын да белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Россиянын ийгилигинен улам Украина аскерлеринин айласы кетүүдө