ЖК шайлоосу: үч округдагы добуш берүү боюнча алдын ала маалыматтар

Шайлоодо добуш берүү учурунда кишилер. Архив
Маалыматтар автоматтык түрдө эсептеген урналардан түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. БШК бир мандаттуу үч округдан Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматтар автоматтык түрдө эсептеген урналардан түшкөн.
Ал азырынча төмөнкүдөй:
Баткен округу — 41,94% менен Бактыяр Калпаев алдыда;
Ош округу — 45,83% Бекмурза Эргешовго таандык;
Кара-Суу округу — 37,26% менен Илимбек Кубанычбеков алдыда.
Бардык жерге шайлоого келгендер көрсөткүчтөр менен эсептей келгенде 20 пайыздан кем болууда. Белгилей кетсек, акыркы, аныкталган жыйынтык бюллетендер кол менен саналгандан кийин чыгат.

Шайлоонун төркүнү

2024-жылдын февралында Ош жана Кара-Суу райондорунан шайланган Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырары боюнча арыз жазган. БШК алардын депутаттык укуктарын токтоткон.
13-мартта БШК Баткен облусунан шайланган Айбек Осмоновду берген арызынын негизинде мандатынан ажыраткан. Февралдын соңунда ал эмгек өргүүгө чыгып, Түркияга дарыланууга кеткени айтылган.
Кыргызстандагы шайлоодо электрондук паспортторду колдонуу
Кыргызстанда добуш берүүдө биринчи ирет электрондук паспорт пайдаланылууда