Бишкек мэри шаардагы жетекчилерге түнгө чейин иштөөнү тапшырды

Калаа башчысы күнүнө эки жолу шаарды кыдырып, текшерүүнүн графигин түзүү милдетин койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондордун акимдери менен муниципалдык кызматтардын жетекчилерине саат 6:00дөн 23:00гө чейин иштөөнү тапшырды.
Мекемеден калаа башчысы акимдер, муниципалдык инспекциянын жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөргөнүн кабарлашты.
Жунушалиев аларга борбор калааны кыдырып, бардык маселелер менен ошол жерде таанышып, белгиленген тартипте чараларды көрүү тапшырмасын койгон.
"Иш күндөрү менин катышуумда эки жолу — таңкы саат 6:00дөн 8:30га чейин жана 21:00дөн 23:00гө чейин кыдырып текшерүү графигин түзүүнү суранам. Биз кеңселерде отурбашыбыз керек", — деген Жунушалиев.
Мэр көзөмөл жүргүзүүдө жолдордун абалы, автоунаалар туура эмес токтотулган жайлар, жашыл аймактар, имараттардын фасадынын көрүнүшү приоритетте болорун кошумчалаган. Мындан тышкары, район акимдерине муниципалдык инспекция менен бирдикте чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлерине жанаша жайгашкан аймактарда, өзгөчө жашыл аймактарда тазалыкты, тартипти калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.
Бишкек мэри "Аккула" ат майданынын жерине эмне түшөрүн айтты