Элчи Макеев советтик аскерлердин Венадагы мемориалына гүлчамбар койду

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев КМШга мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери менен биргеликте Вена шаарынын бошотулгандыгынын 79 жылдыгынын урматына советтик аскерлердин мемориалына гүлчамбар коюуга катышты.
1 / 2

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев КМШга мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, кызматкерлери менен биргеликте Вена шаарынын бошотулгандыгынын 79 жылдыгынын урматына советтик аскерлердин мемориалына гүлчамбар коюуга катышты

2 / 2

Салттуу иш-чара Австриянын борборундагы Шварценбергплатц аянтындагы курман болгон советтик жоокерлердин мемориалынын алдында өткөн

Салттуу иш-чара Австриянын борборундагы Шварценбергплатц аянтындагы курман болгон советтик жоокерлердин мемориалынын алдында өткөн.
Венаны Гитлердин аскерлеринен бошотуу операциясы 1945-жылдын 5-апрелинен 13-апрелине чейин созулуп, 17 миң советтик жоокер курман болгон. Өмүрүн берген аскерлердин элесине арналган мемориал Шварценбергплац аянтында жайгашкан.
Брест чебиндеги жүрөк титиреткен жазуу. Тарыхый видео