Башкы сейсмолог өлкөнүн сейсмикалык картасын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов социалдык тармакка өлкөнүн сейсмикалык картасын жарыялады.
Анда ар кандай күчтөгү жер титирөө учурундагы термелүүлөрдүн мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн.
"Бул "жакында жер титирөө болот, андыктан сейсмологдор жанданып жатат" дегенди түшүндүрбөйт. Карта болгону маалымат үчүн", — деп жазган Абдрахматов.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров окумуштууларга таянып Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскерткен.
Жыл башынан бери Кыргызстанда бир нече жолу жер титиреди. Анын эң күчтүүсү 4-мартта катталган.
Жер титирөөнүн көбөйүшү, өлкөдөгү 28 станциянын иши. Сейсмолог Токтосопиевдин маеги