Жер титирөөнүн көбөйүшү, өлкөдөгү 28 станциянын иши. Сейсмолог Токтосопиевдин маеги

© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Жазылуу
Акыркы учурда Кыргызстандын аймагында жер титирөөлөр көп катталууда. Өлкө сеймикалык кооптуу территорияда жайгашкан, сейсмикалык станциялар күнү-түнү жердин силкингенин каттап турат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев болуп, жер титирөөлөргө байкоо жүргүзүү, каттоо жана сейсмикалык станциялардын иши тууралуу маек курду.
— Жер титирөөлөрдүн очогу жайгашкан жерлерди изилдөө качан башталган? Негизи жер титирөөнү алдын алуу эмне үчүн мүмкүн эмес?
— Кыргызстандын бардык аймагы сейсмикалык жактан активдүү зона болуп эсептелет. Себеби өлкө территориясында 102 жердин жаракасы бар экени аныкталган. Жер титирөөлөрдүн очогу жайгашкан жерлерди билүүгө, аны изилдөөгө бардык өнүккөн өлкөлөр кызыкдар. Күчтүү силкинүүлөрдүн көбү жер жаракасына жакын жайгашкан аймакта катталат. Бул маалыматтар изилдөөгө чоң жардам берет. Ал эми Кыргызстандын Сейсмология институту 1970-жылдардын башынан тарта жер титирөөдөгү тараган толкундардын серпилүүсүн үзгүлтүксүз каттап келет. Бул тарыхый маалыматтар сейсмология илиминде анализ жүргүзүүгө, зилзаланын себебин, очогун аныктоого жардам берет. Мисалы, тереңдиги 700 чакырымга жеткен жер титирөөлөрдүн очогу катталган жерлер бар. Мунун баарына көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасында жетишкенбиз. Бирок анын очогун так аныктоо биздин шартта мүмкүн эмес. Ошол себептен жер титирөөнү алдын алуу маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет.
© Sputnik / Асылбек БактыбековУлуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Алымбай Токтосопиев: Кыргызстандын батышында Туран тектоникалык плитасы, түндүк жагында казакстандык плита, түштүк тарабында Тарим плитасы жайгашкан. Казакстандык плита кыймылсыз, калган экөө активдүү. Дал ушул плиталардын кыймылы жана кагылышуусу силкинүүлөрдү шарттап жатат.
Ведущий научный сотрудник Института сейсмологии НАН КР Алымбай Токтосопиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Алымбай Токтосопиев: Кыргызстандын батышында Туран тектоникалык плитасы, түндүк жагында казакстандык плита, түштүк тарабында Тарим плитасы жайгашкан. Казакстандык плита кыймылсыз, калган экөө активдүү. Дал ушул плиталардын кыймылы жана кагылышуусу силкинүүлөрдү шарттап жатат.
— Сейсмикалык станциялардын санын көбөйтүүгө өлкөлөрдүн баары кызыкдар. Пайдасы кандай?
— Ар бир өлкө жаратылыш кырсыктарына маани берип, аны изилдөөгө умтулат. Экономикалык абалына карабастан ар бир мамлекет сейсмикалык станцияларды курууда. Сейсмологияда ар бир катталган маалымат баалуу, кийинки изилдөөлөр үчүн абдан керек.
Кыргызстандын аймагында Сейсмология институтунун базасындагы 18 сейсмикалык станция иштейт. Баары KNET системасына туташкан. Ал эми Бишкекте Россиянын Илимдер академиясынын базасындагы 10 илимий станция бар. Демек, өлкө боюнча 28 станция байкоо жүргүзүп, жер титирөөнүн бардык түрүн каттайт. Жердин алды бизге көрүнбөгөндүктөн эмне болуп жатканы белгисиз. Бирок атайын аппараттар, теориялык маалыматтар, физикалык-математикалык мыйзам ченемдер менен кийинки жер титирөөгө буга чейин топтолгон маалыматтардын кайсы параметрлери жакын жана туура келет деп анализ жүргүзөбүз. Ошонун натыйжасында болжолдуу түрдө маалымат алууга болот. Дал ушул себептен өнүккөн өлкөлөр көп каражат бөлүп, эң акыркы үлгүдөгү заманбап станцияларды куруп, так маалымат алуу менен алпурушуп жатат.
— Жер титирөө эмне себептен көп каттала баштады?
— Кыргызстандын батышында Туран тектоникалык плитасы, түндүк жагында казакстандык плита, түштүк тарабында Тарим плитасы жайгашкан. Булар жакын жайгашкандыктан бири-бирине таасир эте алат. Мисалы, Түркия төрт тектоникалык плитанын үстүндө болуп, плиталардын бири-бирине таасири чоң, алар дайыма кыймылда. Ал жакта болгон жер титирөө бизге миграцияланбайт, себеби ал башка зонада. Ал эми биздеги казакстандык плита кыймылсыз, калган экөө активдүү. Дал ушул плиталардын кыймылы жана алардын кагылышуусу силкинүүлөрдү шарттап жатат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековФизика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев: өлкө боюнча 28 станция байкоо жүргүзүп, жер титирөөнүн бардык түрүн каттайт.
Ведущий научный сотрудник Института сейсмологии НАН КР Алымбай Токтосопиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2024
Физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев: өлкө боюнча 28 станция байкоо жүргүзүп, жер титирөөнүн бардык түрүн каттайт.
— Жакында очогу Кеминге жакын жерде жер титирөө катталды. Буга чейин ал аймакта 1911-жылы ири зилзала болгон. Бул эми коркунуч алып келбейби?
— 1911-жылы Кеминде болгон зилзала Борбор Азияда жер катуу титиреген учур болуп эсептелет. Бул кыйратуучу жер титирөө деп эсептелет. Очогу Алматыдан 40 чакырым алыстыкта Чоң-Кемин дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. 500дөн ашык адам өлүп, миңдеген үйлөр кыйраган. Ал эми ушул жылдын 4-мартында Чоң-Кемин өрөөнүндө болгон жер титирөөнүн күчү алты баллга жетти. Бул өтө деле күчтүү эмес. Алматы жакын болгондуктан аларга катуураак сезилди. Советтик мезгилде сейсмологдор жер жаракасына жакын аймакта болгон ири жер титирөөлөр 100 жылда кайталанат деген бүтүмгө келишкен. 2011-жылы ал территорияда жердин силкинүүсү байкалбагандыктан, демек, бул айтылгандар дагы такталышы керек деген ойлор айтылган. Бирок 113 жылдан кийин очогу дал ошол жерде болуп жатпайбы. Эң жакшысы, силкинүү кооптуулук жаратпай кайталанды. Мына ушундай анализдердин натыйжасында биз кийинки чечимдерди чыгара алабыз.
— Сейсмологиялык илимий изилдөөлөргө кандай көңүл бурула баштады?
— Сейсмология абдан татаал илим болуп саналат. Биздин институттун пайдубалы бекем жана тарыхы бай. Күчтүү окумуштуулар иштеп, тажрыйбасын кийинки муунга берип келе жатат. Илим ар дайым изилдөөнү талап кылат. Бизде ар бир аймакта сейсмикалык станциялар иштеп, бул тармакта жакшы жыйынтыктар бар. Техникалык базанын чыңдалуусу кулачыбызды кенен жаят. Биз анализге, жер жаракаларын изилдөөгө көңүл бурушубуз зарыл.
Кыргызстандын Япониядагы экс-элчиси, Кыргыз-япон ишкерлер кеңешинин төрагасы Рысбек Молдогазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2024
Зилзала менен цунамиден жабыркаган япон элине суу жеткирген Кыргызстан. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0