Арстанбап токоюна жаңгактын 6 миң көчөтү тигилди. Сүрөт

Саамалык "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Арстанбап-Ата токой чарбасынын Таш-Булак участкасына жаңгактын 6 миң даана көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди.
Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 6-апрелде өткөн. Жаңгактар 15 гектар аянтка отургузулганы маалым болду.
1 / 3

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап-Ата токой чарбасынын Таш-Булак участкасына жаңгактын 6 миң даана көчөтү отургузулду

2 / 3

Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында 6-апрелде өткөн

3 / 3

Жаңгактар 15 гектар аянтка отургузулганы маалым болду

Мындан тышкары, ушул эле күнү Аксы токой чарбасына караштуу Ринжит токой бөлүмүндө 6 гектар жерге 2 400 даана мисте көчөтү тигилген.
Арстанбап-Ата токой чарбасы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Жалпы аянты 19 миң гектар, токойлуу аянты 9,7 миң гектарды түзөт, анын ичинен 3,7 миң гектары жаңгак токою.
Ал эми Аксы токой чарбасынын жалпы аянты 62,6 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 30 миң гектары токой каптаган аянт.
Мэрия элди көчөт отургузууга чакырып, дарактардын түрүн сунуштады