Россия президентин шайлоо

Россиядагы президенттик шайлоодо 1,6 миллион адам онлайн добуш берди

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоодо 13 сааттын ичинде 1,6 миллион адам атайын платформа (DEG) аркылуу аралыктан добуш берди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бул сан платформада катталган колдонуучулардын 35 пайызын түзөт. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча 17-март саат 20:00гө чейин уланат.
Россияда президенттик шайлоо үч күн бою, 15-марттан 17-мартка чейин өтөт. Өлкө башчылыгына Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин ат салышууда.
Россия президентин шайлоо
Россияда президентти шайлоо үчүн добуш берүү башталды