Акылбек Жапаров Кашкарда ишкерлерге Кыргызстанга инвестиция салууну сунуштады

Минкаб башчысы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусундагы айыл чарба продукцияларын иштетүү, сактоо жана экспорттоо боюнча ири компаниянын жетекчилиги менен Кыргызстандан экологиялык айыл чарба продукцияларын Кытайга жеткирүүнү дасүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы (СУАР) Кашкар шаарында бир катар компаниялардын өкүлдөрү жана банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, минкаб башчысы кытайлык банктарга Кыргызстанга инвестиция салуу жолдорун, гидроэнергостанцияларды, күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлоруна катышууну карап көрүүнү сунуштаган.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытай компаниялары эл аралык жана инфраструктуралык, анын ичинде курулуш, гидроэлектростанция, жолдорду куруу, аэропортторду модернизациялоо багытындагы долбоорлорду ишке ашырып жатышат", – деген Жапаров СУАРдагы банктардын жетекчилери менен жолугушууда.
Ошондой эле Жапаров "Сани" компаниясынын жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуу шарттары туурасында айтып берген.
Мындан тышкары, төрага Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунда жайгашкан айыл чарба продукцияларын иштетүүгө, сактоого жана экспорттоого багытталган ири компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Анда Кыргызстандан экологиялык айыл чарба продукцияларын Кытайга жеткирүү жана көзөмөл кампаларында сактоо, андан арырынокко чыгарууну талкуулашкан.
Акылбек Жапаров Ош — Кашкар — Ош авиакаттамын ачууну сунуштады