БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушундагы көлмөдө 5 жаш бала муз тээп жатып, сууга түшүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 11 жаштагы кызменен 9 жаштагы эркек бала каза болуп калган. Алардын сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып беришкен.
Калган үч баланы жергиликтүү тургундар куткарып калып, Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.
Окуя бүгүн катталып, жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.