20-февралга карата аба ырайы

20-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак, тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-Фев. — Sputnik. 20-февраль, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -2...-7 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 0...+5 градус жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада -3...-5 градус суук, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болот.
Байтик айылынан ары тоону бойлой 14 чакырымдык веложол курулат