Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: НАТОдо курал-жарактын жетишсиздик көйгөйү бар

Альянстын баш катчысы ок-дары өндүрүүнү көбөйтүүгө көңүл буруу зарыл деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. НАТО ок-дарынын жетишсиздик көйгөйүн баштан кечирүүдө. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадагы согуш бизде олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөттү. Мисалы, курал-жаракка тиешелүү маселелер... Биздин система заманбап болгону менен кошумча деталдар, тейлөө жана ок-дары керек. Согуштун башталышында запасты азайтып алганбыз, азыркы тапта курал-жарак тартыш. Эми ок-дарынын өндүрүшүн көбөйтүүгө күч жумшоо кажет", — деген Столтенберг.
Өткөн жылдын ноябрь айынын башында европалык жогорку кызматтагы булак ЕБ өлкөлөрү Украинага убадаланган миллион артиллериялык ок-дарынын 300 миңин беришкенин билдирген. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Евробиримдик Киевге 2024-жылдын мартына чейин убадалаган миллион снарядды бере албай турганын моюндаган. Курал-жарактардын жетишсиздигин Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы январда Давосто сүйлөгөн сөзүндө билдирген. Анын айтымында, Украинада Россиянын армиясы менен кармашууга туруштук берүүгө жетиштүү аскердик-өнөр жай ресурстарынын комплекси жок.
"Ростех" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов Батыштын аскердик тармактагы "технологиялык артыкчылыктарын" жомок деп сыпаттаган. Ал батыштык конструкторлор кайсы бир жаатта күчтүү экенин, бирок Leopard, Challenger, Bradley жана башка дат баскан техникалары – россиялыктардын мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин тастыктап турарын билдирген. Чемезов ата мекендик конструкторлор трофей үлгүлөрүнөн айрым чечимдерди көңүлгө алып жатканын кошумчалады.
Financial Times: РФтин аскер өнөр жайынын өсүү темпи НАТОнун тынчын алууда