Кыргызстан, Беларусь жана Россия Ленинград блокадасы боюнча видеокөпүрө өткөрөт

Бишкектеги катышуучулар Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын музейи жана анын жасаган иштери боюнча айтып беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 21-февралда Ленинградды коргоо жана блокадалоо мамлекеттик мемориалдык музейинде "Ленинград блокадасы: эстей жүр" аттуу Санкт-Петербург — Бишкек — Минск — Москва видеокөпүрөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2023-жылы жайында жарык көргөн Ленинград блокадасы боюнча жыйнак тууралуу кенен маалымат берилип, экинчиси тууралуу кеп болот.
Бишкектеги катышуучулар Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасынын музейи жана анын жасаган иштери боюнча айтып беришет.
Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери жана Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери Ленинград блокадасы боюнча эскерүү иш-чараларына жаштардын катышуусун талкуулашат.
Иш-чарага ошондой эле Ленинград блокадасына катышкандардын кыргыз коомунун өкүлдөрү, "Говорит Москва" радиостанциясынын башкы директору, Россиянын жана Беларустун "Достор – Сябры" журналисттер коомунун жетекчилери катышмакчы.
Аккредитация үчүн телефон, электрондук даректер: +7 921 358-97-48, info.gmmobl@yandex.ru.
Анна Кутанованын музейиндеги 40 экспонат Санкт-Петербург университетине берилди