"Буга чейин баарыбыз эле мүлкүбүздү башка бирөөлөрдүн атына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Эмне үчүн деген суроого жооп — жөнөкөй. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат болчу. Эми мына ушул мыйзам менен легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Ошондуктан кечикпей мыйзамдаштырып, үлгүрүп калыңыздар", — деди Жапаров.
"Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлкүңөрдү өзүңөргө каттап легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражатыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акчаңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт", — деди президент.