Садыр Жапаров болгон мүлкүнүн наркын ачыктап, байларды акчасын катпоого чакырды

© Фото / пресс-служба президента КР Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мүлкү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мүлкү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Президент мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарт түзүп берүүгө мамлекеттин бардык күчү жумшаларын белгилеген.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жалпы мүлкүнүн баасы 20 миллион доллар. Бул өлкө башчы соцтармактагы баракчасына жазды.
© Фото / пресс-служба президента КР

Президент Садыр Жапаровдун жалпы мүлкүнүн баасы 20 миллион доллар

Президент Садыр Жапаровдун жалпы мүлкүнүн баасы 20 миллион доллар - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаровдун жалпы мүлкүнүн баасы 20 миллион доллар

© Фото / пресс-служба президента КР

Жапаров былтыр кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, анын негизинде байларды чет өлкөдөгү акчасын Кыргызстанга которууга чакырган

Жапаров былтыр кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, анын негизинде байларды чет өлкөдөгү акчасын Кыргызстанга которууга чакырган - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жапаров былтыр кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, анын негизинде байларды чет өлкөдөгү акчасын Кыргызстанга которууга чакырган

1/2

Президент Садыр Жапаровдун жалпы мүлкүнүн баасы 20 миллион доллар

2/2

Жапаров былтыр кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, анын негизинде байларды чет өлкөдөгү акчасын Кыргызстанга которууга чакырган

Жапаров былтыр кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, анын негизинде байларды чет өлкөдөгү акчасын Кыргызстанга которууга чакырган.

"Буга чейин баарыбыз эле мүлкүбүздү башка бирөөлөрдүн атына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Эмне үчүн деген суроого жооп жөнөкөй. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат болчу. Эми мына ушул мыйзам менен легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Ошондуктан кечикпей мыйзамдаштырып, үлгүрүп калыңыздар", — деди Жапаров.

Ал өзү ээлик кылган мүлкүнө дагы токтолгон.
"Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес-чөйрөсүнөн келгем. Сүрөттөгү имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96) 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп мыйзамдаштырдым. Бардык мүлкүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Мыйзамдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим. Чет өлкөдө каткан акчам жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун", — деди өлкө башчы.
Жапаров Кыргызстандын бай жарандарына кайрылып, мыйзамды пайдаланууга чакырды.

"Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлкүңөрдү өзүңөргө каттап легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражатыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акчаңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт", — деди президент.

Ал ошондой эле мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарт түзүп берүүгө мамлекеттин бардык күчү жумшаларын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жапаров Кыргызстанга шарият принцибиндеги финансылык институт ачууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0