Бишкекте майрамда жылуулук боюнча кайда кайрылса болот? Байланыш номерлер

Министрлик авария болгон учурда же жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса кардарларды колдоо борборуна кайрылуу керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" Жаңы жыл майрамында жана андан кийинки каникулда күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Мекеменин маалыматы боюнча, жумушчу топтордун нөөмөт кезектери, кошумча ыкчам топтор түзүлгөн.
Министрлик авария болгон учурда же жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса кардарларды колдоо борборуна кайрылуу керектигин эскертти.
Телефон номерлери: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
Борбордук райондун үй ичиндеги системаларын тейлөө боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондун үй ичиндеги системаларын тейлөө боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06.
Юстиция министрлигинде кеңеш алуу үчүн жаңы номерлер иштеп жатат