Ошто "Кара-Суу" базарында иштегендер митингге чыгышты. Видео

Митинг. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
Соодагерлер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына чогулушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер митингге чыгышты.
Алар ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын колдонууга жана текшерүүлөргө нааразы болушууда. Соодагерлер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына чогулушкан.
Белгилей кетсек, "Кара-Суу" базары "Дордой" базарынын катарында өлкөдөгү ири соода жайларынын бири болуп саналат.
Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режимин киргизип, ККМ колдонуудан бошотуу мыйзам долбоорун сунуштаган.
Нарында соодагерлер митингге чыгышты. Видео