Оозуна кагаз тыгылып... Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын окуясы

Баланын энеси деген кыз табылып, милицияга жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери Арча-Бешик конушуна ташталган ымыркайды кантип таап алышканын мамлекеттик телеканалдардын бирине айтып беришкен.
Окуя болгон жерге кайгуулчу Толкунбек Ташматов барган. Анын айтымында, милицияга ымыркай ташталган үйдүн ээси түндө чалып, алар жерине 2-3 мүнөттө жетишкен.
"Ымыркайды баштыкка ороп, оозун байлап коробкага салып коюптур. Пакетти айрып ачтым. Бала тоңуп калыптыр, кыймылдабайт. Себеби жамгыр жаап, күн суук болчу. Үй ээсинен шейшеп сурап, ороп алып кеттик. Тез жардам күткөнгө убакыт аз эле. Үй ээси сыртка чыккан жок, ичинде туруп "ушул экен" деп эле берип койду. Биз барганча шейшепке ороп, кургак кармап тургула дегенбиз. Бирок эч нерсе кылбаптыр", — деди инспектор.
Ал наристенин оозуна тыгылган кагазды убагында байкашпай, төрөт үйүнө барганда медиктер көрүп, чыгарышканын айткан.
Эске салсак, 19-ноябрь саат 22:45тер чамасында Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барган. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталган. Ымыркайын таштады деген 20 жаштагы кыз кармалып, Ленин РИИБге жеткирилгени айтылды.
Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты