Президент Жапаровду Токиодо кантип тосуп алышты. Видео

Кыргызстандын президенти Күн чыгыш өлкөсүнүн бийлик өкүлдөрүнөн сырткары ишкерлер менен да жолукмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Японияга келип, анын учагы "Ханеда" эл аралык аэропортуна конду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилген.
Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсужи жана башка расмий адамдар тоскону айтылды.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Японияга келип, анын учагы "Ханеда" эл аралык аэропортуна конду

2 / 5

Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилген

3 / 5

Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсужи жана башка расмий адамдар тоскону айтылды

4 / 5

Сапардын алкагында мамлекет башчы Япониянын императору Нарухито, премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолукмакчы

5 / 5

Андан сырткары, ишкерлер менен өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрөрү маалымдалган

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчы Япониянын императору Нарухито, премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары менен жолукмакчы. Андан сырткары, ишкерлер менен өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрөрү маалымдалган. Тактап айтканда, ROTOBO – Япониянын бизнес-ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен да жолугат.
Садыр Жапаров Японияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы