Коргоо белгиси чыгып калган 200 сомдук. Улуттук банк видеого түшүндүрмө берди

ЖМКлардын бири купюранын ортосундагы коргоо жипчеси бери чыгып калганын айткан кассирдин видеосун жарыялады. Кеп жаңы сериядагы банкнота тууралуу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук банкы ЖМКда тараган 2023-жылкы сериядагы 200 сомдуктун видеосуна түшүндүрмө берди.
Буга чейин ЖМКлардын бири купюранын ортосундагы коргоо жипчеси бери чыгып калганын айткан кассирдин видеосун жарыялаган. Кеп жаңы сериядагы банкнота тууралуу болууда.
Башкы банктан улуттук валюта эл аралык сапат стандартына ылайык даярдаларын, мында банкноталардын коргоо элементтеринин физикалык жана химиялык ар кандай таасирлерге туруштук берүүсү текшериле турганын айтты. Даярдалган банкноталардын сапаты ар бир этапта дыкат көзөмөлдөн өтөт. Ошону менен бирге банкноталар узагыраак колдонулгудай болуп даярдалат.
"Улуттук банк ар тараптуу анализ жүргүзүү максатында сентябрда 2023-жылы чыгарылган 200, 500 жана 1000 сомдук банкноталардын сапатын кошумча изилдеген. Мында коргоо элементтеринин физикалык жана химиялык таасирлерге туруштук бере алары текшерилген. Изилдөө эл аралык кадыры бар швейцариялык UGRA компаниясы тарабынан жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк көз карандысыз текшерүүнүн натыйжасында улуттук валютанын 2023-жылы чыгарылган банкноталары, анын коргоо элементтери эл аралык критерийлерге жооп берери аныкталганын билдирди. Купюранын ортосундагы коргоо жипчеси ар кандай механикалык таасирлерден оптикалык касиетин жоготпой, жасалмалоодон сактоочу башкы функциясын аткара турганы белгиленди.
Башкы банк жарандарды улуттук валютага этият мамиле жасоого чакырып келет. Болбосо банкнота бырышып, структурасын жоготуп, бүктөлгөн жерлери айрылып калат. Мындан улам акча колдонууга жараксыз болуп калышы толук мүмкүн.
Ар кандай өлчөмдөгү жаңы 500 сомдуктар. Улуттук банктын түшүндүрмөсү