Венгрия, Словакия премьерлери Украинага ЕБ фондунан жардам берүүгө каршы чыкты

Орбан буга чейин Киевге берилген акчанын кайда жумшалганы туурасында маселе көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. – Sputnik. Украинага 50 миллиард евро көлөмүндөгү жардамды европалык бюджеттен берүүгө Венгрия менен Словакиянын өкмөт башчылары Виктор Орбан жана Роберт Фицо каршы чыкты. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
Мындай маалыматты ЖМКга аталган маселеден кабары бар дипломат айтып берген.
Мурдараак Европа биримдигинин өлкөлөрү европалык лидерлердин саммитинде көп жылдык бюджетти макулдашуу маселесинде бир пикирге келе албай коюшканы маалым болгон. Кызыл чеке талкуу жараткан маселенин ичинде 2024-2027-жылдар аралыгында Украинага каралчу 50 миллиард евро өлчөмүндөгү финансылоо да бар эле, бул нерсени кароо жылдын аягына чейин созулмакчы.
Басылманын жазганына караганда, Словакиянын премьер-министри Фицо буга себеп катары "Украинадагы коррупция маселесин" келтирген. Орбан мурдараак "ЕБдин колдоосу иштебей турганын" белгилеген болчу. ЖМК ЕБдин бюджетин өзгөртүү үчүн блоктун бардык 27 мүчөсүнүн макулдугу зарыл. Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕК Евробиримдиктин 2024-2027-жылдарга мерчемделген көп жылдык бюджетин карап чыккандыгын айтып, аталган биримдиктин өлкөлөрүнө Украинага берилчү жардамды 66 миллиард еврого көбөйтүүнү сунуштаган. Бул миграция жана качкындар программасын ишке ашырууга жана союздун атаандаштыкка туруштук беришин бекемдөөгө жумшалат деген. Орбан бул сунуштун мааниси жоктугун, буга чейин Киевге берилген акчалардын кайда кеткени белгисиз экендигин эске салды. Ал Будапешт колго илинерлик негиздүү нерсе айтылып-делмейин Украинага кошумча каражат берүүгө бөгөт коеруна убада берген. Аны менен катар эле Словакиянын премьери фон дер Ляйен айымга анын өлкөсү Украинага аскердик жардам бербей турганын кабарлаган. ЕБдин саммитинин алдында эгерде мурдагыдай Словакияга кесепетин тийгизе турган болсо, Россияга каршы санкцияларды колдобой тургандыгын да айткан.
Венгрия менен алака өтө маанилүү. Кытайга барган Путин Орбан менен жолукту