БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматы кабарды тактап жатканын айтты.
Файзиев биринчи жолу коррупциялык ишке шериктеш болгон деп шектелип 2021-жылы кармалган. Кийин ал боштондукка чыгып, "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалган. Бирок ал жерде көпкө иштеген эмес.