11-октябрга карата аба ырайы

11-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча күн ачык болору күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Таласта +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарында +16...+21 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +26...+28 жана Ош шаарында +27...+29 градусту көрсөтөт.
Күн сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты