БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кениянын Батыш тарабындагы шаарда белгисиз оору жайылып, кыздар мектебинин жүздөн ашык тарбиялануучулары ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү Star басылмасына таянып жазды.
"Билим берүү министрлиги Эреги шаарындагы Ыйык Тереза атындагы кыздар мектебин бир канча окуучу белгисиз илдетке кабылып, медициналык жайга түшкөндөн кийин жапты", — деп айтылган маалыматта.
Басылманын билдиргенине караганда, кыздардын буту баспай калган. Соңку маалыматта алардын миңин үйүнө жиберип, 106сын ооруканага жаткырышкан.
Мектепте жакында экзамен тапшыра турган 4-класстын окуучулары калган. Калгандары "кырдаалга тыкыр баа берилип, тиешелүү чаралар" көрүлгөн соң билим жайына кайтып келерин айтышты.
Ихугу ооруканасынын дарыгери баштапкы анализдер кыздардын организми суюктугун жоготуп жатканын көрсөткөнүн билдирген. Кандын үлгүлөрү андан ары текшерүү үчүн Найробидеги изилдөө институтуна жиберилди.