БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстан ТЭЦти жана Бишкектин жаңы конуштарын жылытууну Россиянын газына өткөрүүгө даяр, бирок аны Казакстан аркылуу алып өтүү маселеси турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал өткөн жылы өлкө башчы Садыр Жапаров түтүн көйгөйүн толугу менен чечүүнү тапшырганын эске салды. Ошол учурда бийлик "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.
"Россия тарап жеткиликтүү баа менен газ берүүгө даяр. Тилекке каршы, Кыргызстанга Казакстан аркылуу газ өткөрчү бир эле түтүк бар. Алар азырынча бизге газды өткөрө алышпайт. Учурда Россия менен Казакстандын өкмөттөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде алар бир чечимге келе турган болсо 1 жыл 8 ай ичинде жаңы түтүк коюлат, эки жыл ичинде биз толугу менен газга өтөбүз деген үмүттөбүз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Бишкектин айланасындагы конуштар газга өтөрүн белгиледи.
"Мажбурлабасак түтүн көйгөйү чечилбейт", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.