6-октябрга карата аба ырайы

6-октябрда күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жума күнү түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас, Нарын облустарында +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл чөлкөмүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, Ош калаасында +26…+28 градус жылыйт.
Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу