Кыргызстанга РФ муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары келди

Ардактуу конокторду "Манас" аэропортунан муфтийдин орун басары тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов келди. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстанга Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов келди

2 / 3

Мухетдиновду жана РФ муфтийинин жардамчысы Ильяс Садулинди "Манас" аэропортунан муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган кызматкерлер жылуу тосуп алган.

3 / 3

Россиядан келген коноктор эртең, 27-август күнү, муфтияттын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышат

Мухетдиновду жана РФ муфтийинин жардамчысы Ильяс Садулинди "Манас" аэропортунан муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган кызматкерлер жылуу тосуп алган.
Россиядан келген коноктор эртең, 27-август күнү, муфтияттын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышат. Объект Бишкектеги имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанында курулуп жатканы айтылган.
Кыргызстанда өзүмдү татар айылдарында эле жүргөндөй сезем. Муфтий Кргановдун видеосу