БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чүй облусунун мектептеринде "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана "Айчүрөк" уюмдары иштей баштайт. Бул туурасында президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Алардын облус жетекчиси Канат Жумагазиевдин демилгеси менен президенттин инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча, ар тараптуу изилдөө жана элге жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктарын аткаруу максатында түзүлгөнү айтылды.
© Фото / пресс-служба полпредства президента в Чуйской области
Уюмдар Аламүдүн районундагы Иманалы Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында пилоттук этаптан ийгиликтүү өткөнүн билдиришти. Эми жаңы окуу жылынан баштап Чүй облусунун бардык мектептеринде иштей башташат.
Өкүлчүлүктөн "Манас" улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык биримдикти чыңдай турганын, ал тынчтыктын, күч-кубаттын жана туруктуулуктун ишенимдүү фактору экенин үйрөтөрүн белгилешкен.
"Манас", "Семетей", "Сейтек", "Айчүрөк" мектеп уюмдары аркылуу мектеп окуучуларын улуттук ар-намысты ойготууга, алардын атуулдук парзын, эмгекке, мекенге болгон сүйүүсүн ойготууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Уюмдар эмнеге тарбиялайт
Жобого ылайык, "Сейтекке" окууда жана спортто өзгөчөлөнгөн кенже класстын окуучулары кошула алышат. 1-класстан баштап эле билимге умтулууга, мектеп жана коомдук тартипти сактоого, чынчыл жана кайраттуу болууга, улууну урматтоого, кичүүгө жардам берүүгө тарбияланат.
"Семетей" — 5-8-класстын окуучуларына жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга үйрөтөт. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, ошондой эле ар кандай чыгармачыл, спорттук-коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барат. "Семетей" — өспүрүмдөрдү ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган уюм. Орто класстын окуучуларынын рухий, психологиялык жана дене бой жактан өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Катышуучуларга сергек жашоо, ар кандай оорулардын алдын алуу, дене тарбия жана туура тамактануу боюнча тарбиялык сааттар өтүлөт.
Жогорку класстын окуучулары үчүн "Манас" уюму лидерлик сапатты калыптандырат. Уюмдун миссиясы — жаштарды коомго активдүү катышууга, укуктук жана демократиялык Кыргызстандын таянычы болууга даярдоо. "Манас", "Айчүрөк" уюмдарынын мүчөлөрү мектептин социалдык педагогдору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен тыгыз кызматташып, окууда жана турмушта кыйынчылыктарга туш болгон окуучуларга жардам көрсөтүп, "Семетей", "Сейтек" уюмдарынын мүчөлөрүнө насаатчы болушат. "Манас" уюму ошондой эле балдар жана жаштар иштери боюнча бийлик органдары менен активдүү кызматташып, билим берүү мекемелериндеги зордук-зомбулукка, бейбаштыкка жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Мындан тышкары, уюм белгилүү инсандардын катышуусунда иш-чараларды уюштуруу менен маданий-тарыхый аң-сезимди жайылтуу, мекенди коргоо үчүн аскердик илимди үйрөнүүгө үндөө максатын көздөйт.