БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы атышуудан каза тапкан Өзбекстанда туулган өспүрүм Фаридун Мавлонов жерге берилди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Telegram-каналы кабарлады.
"Биздин көчөдө курал өтө көп болуп кетти, жаштардын арасында зомбулук арбыды", — деген Нью-Йорк мэри Эрик Адамс Мавлоновдун тажиясында сөз алып сүйлөп жатып.
Маркумдун чоң энеси бийликтен мындай трагедияны алдын алууну суранган.
"Неберем Нью-Йорктогу октон каза тапкан акыркы бала болсун", — деген Мавлоновдун чоң энеси бийликке кайрылып.
Эске салсак, кандуу окуя 17-июлда, болжол менен саат 13:00 чамасында болгон. Франклин Рузвельт атындагы мектепте окуган өспүрүмдөрдүн тобундагылар эки жаат болуп урушуп кетишкен. Алардын ичинен 17 жаштагы окуучу тапанчадан ок чыгарып, андан 15 жаштагы Фаридун Мавлонов — өзбекстандык иммигранттын уулу жаракат алган. Аны оор абалда оорукана жеткиришип, тилекке каршы, бала эртеси көз жумган.
Полициянын жетекчиси Жеймс Эссиг кылмышкер Мавлоновду мээлебегендигин айткан. Ок чыгарган окуучу окуядан соң качып кеткен.
Sputnik Өзбекстан Мавлоновдун үй-бүлөсү Фаридун 12 жашка чыкканда АКШга көчүп кеткен. Ал UFC мушкери болууну кыялданып жүргөнүн жазган.