https://sputnik.kg/20230721/nyu-yorkto-ozbekstandan-kochup-bargan-ospurumdu-zherge-berishti-1077204520.html
Нью-Йоркто Өзбекстандан көчүп барган өспүрүмдү жерге беришти. Видео
Нью-Йоркто Өзбекстандан көчүп барган өспүрүмдү жерге беришти. Видео
Sputnik Кыргызстан
Баланы 17 жаштагы окуучу атып жиберип, Мавлонов эртеси ооруканада көз жумган. 21.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-21T13:01+0600
2023-07-21T13:01+0600
2023-07-21T13:01+0600
дүйнөдө
акш
нью-йорк
бруклин
өспүрүм
атуу
өлүм
мектеп
өзбекстан
https://sputnik.kg/img/104694/57/1046945744_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_3a610ca8b3d3875cf942b748a039e376.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы атышуудан каза тапкан Өзбекстанда туулган өспүрүм Фаридун Мавлонов жерге берилди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Telegram-каналы кабарлады.Маркумдун чоң энеси бийликтен мындай трагедияны алдын алууну суранган."Неберем Нью-Йорктогу октон каза тапкан акыркы бала болсун", — деген Мавлоновдун чоң энеси бийликке кайрылып.Эске салсак, кандуу окуя 17-июлда, болжол менен саат 13:00 чамасында болгон. Франклин Рузвельт атындагы мектепте окуган өспүрүмдөрдүн тобундагылар эки жаат болуп урушуп кетишкен. Алардын ичинен 17 жаштагы окуучу тапанчадан ок чыгарып, андан 15 жаштагы Фаридун Мавлонов — өзбекстандык иммигранттын уулу жаракат алган. Аны оор абалда оорукана жеткиришип, тилекке каршы, бала эртеси көз жумган.Полициянын жетекчиси Жеймс Эссиг кылмышкер Мавлоновду мээлебегендигин айткан. Ок чыгарган окуучу окуядан соң качып кеткен.Sputnik Өзбекстан Мавлоновдун үй-бүлөсү Фаридун 12 жашка чыкканда АКШга көчүп кеткен. Ал UFC мушкери болууну кыялданып жүргөнүн жазган.
https://sputnik.kg/20230628/parizh-ospurum-policiya-bashalamandyk-chykty-1076604489.html
акш
нью-йорк
бруклин
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104694/57/1046945744_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_3570a5f844e5c975724322c2d3d126aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, нью-йорк, бруклин, өспүрүм, атуу, өлүм, мектеп, өзбекстан
дүйнөдө, акш, нью-йорк, бруклин, өспүрүм, атуу, өлүм, мектеп, өзбекстан
Нью-Йоркто Өзбекстандан көчүп барган өспүрүмдү жерге беришти. Видео
Баланы 17 жаштагы окуучу атып жиберип, Мавлонов эртеси ооруканада көз жумган.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы атышуудан каза тапкан Өзбекстанда туулган өспүрүм Фаридун Мавлонов жерге берилди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Telegram-каналы кабарлады.
"Биздин көчөдө курал өтө көп болуп кетти, жаштардын арасында зомбулук арбыды", — деген Нью-Йорк мэри Эрик Адамс Мавлоновдун тажиясында сөз алып сүйлөп жатып.
Маркумдун чоң энеси бийликтен мындай трагедияны алдын алууну суранган.
"Неберем Нью-Йорктогу октон каза тапкан акыркы бала болсун", — деген Мавлоновдун чоң энеси бийликке кайрылып.
Эске салсак, кандуу окуя 17-июлда, болжол менен саат 13:00 чамасында болгон. Франклин Рузвельт атындагы мектепте окуган өспүрүмдөрдүн тобундагылар эки жаат болуп урушуп кетишкен. Алардын ичинен 17 жаштагы окуучу тапанчадан ок чыгарып, андан 15 жаштагы Фаридун Мавлонов — өзбекстандык иммигранттын уулу жаракат алган. Аны оор абалда оорукана жеткиришип, тилекке каршы, бала эртеси көз жумган.
Полициянын жетекчиси Жеймс Эссиг кылмышкер Мавлоновду мээлебегендигин айткан. Ок чыгарган окуучу окуядан соң качып кеткен.
Sputnik Өзбекстан Мавлоновдун үй-бүлөсү Фаридун 12 жашка чыкканда АКШга көчүп кеткен. Ал UFC мушкери болууну кыялданып жүргөнүн жазган.