CAFA кубогу үчүн беттеште Кыргызстан командасы омандыктарга жеңилип калды

Жалгыз гол оюндун 71-мүнөтүндө кирип, омандыктарга ийгилик жылмайган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы CAFA кубогунда омандыктарга 0:1 эсебинде жеңилип, 4-орунду ээледи.
Жалгыз гол оюндун 71-мүнөтүндө кирди.
CAFA Nations Cup 2023 таймашына эки топко бөлүнгөн жети команда катышууда. В тобундагы беттештер Бишкек шаарында өткөн. Тайпалык этапта "Ак шумкарлар" афгандык команданы утуп, ирандыктарга жеңилип калган.
Эске салсак, 10-июнда Кыргызстандын футбол командасы афганстандык каршылаштарын 1:0 эсеби менен жеңген. Гол беттештин соңку мүнөттөрүндө киргизилген. Бул чечимден кийин атаандаш команда финалдык ышкырыкты күтпөй, машыктыруучунун чакырыгы менен оюн талаасын таштап чыгып кетишкен. Тренер мындай кадамга калыстарга болгон нааразылыгынан улам барды дешкен. Жыйынтыгында калыстар Афганстандын спортчуларын "Ак шумкарлар" 3:0 эсебинде жеңди деген бүтүмүн чыгарган.
13-июнда Иран командасы афганстандык каршылаштарын 6:1 эсеби менен жеңип алган. 16-июнда кыргызстандык оюнчулар Ирандын спортчуларына 1:5 эсебинде жеңилип калган.
Бишкектеги Кыргызстан менен Ирандын футболчуларынын беттеши. Кызыктуу ирмемдер