БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нарын, Талас, Баткен шаарларынын жолдору демөөрчүлөрдүн каражатына курулуп жатканын айтты. Өлкө башчысы "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде бир катар ишкерлердин атын атап, аларга ыраазычылык билдирген.
"Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөп, асфальтталып жаткандыгына өзүбүздүн эле ишкер жигиттерибиз себепкер болуп жатат. Мисалы, ошол эле Жумабек Салымбековду билесиздер, өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылып берген 50 миллион сомго Нарын шаарынын жолдору салынууда. Өмүрбек Бабановду да билесиздер, бул ишкер 80 миллион сом, жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 миллион сомдон бөлүштү. "Бакай" банкынын ээси Сергей Ибрагимов болсо 200 миллион сомду ортого салды. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз", — деди өлкө башчысы.
Жапаров Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 миллиард сом каражат бөлүнгөнүн кошумчалады. Ошондой эле өлкө башчы аты аталган ишкерлер өз ыктыярлары менен демөөрчүлүк кылып жатканын белгилеп, берешен, март жигиттер деп сыпаттаган.
Маекте айтылгандай, быйыл Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Талас, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын да ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлөт.