Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгород облусунда украиналык аскерлердин аткылоосунан эки аял каза болду

Аймак жетекчисинин айтымында, куралдын үнү маал-маалы менен жаңырып, эл шаардан жана анын чет жакасынан жапырт кетип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү эртең менентен бери Шебекино шаарынын аймагын аткылап жатат, анын кесепетинен эки адам көз жумду деген билдирүүсүн Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Telegram каналына жазды.
"Новая Таволжанканы аткылоодо алган жаракатынан улам улгайган аял ошол жерден каза тапты. Дагы бир аял ийинине снаряддын чачырандысы тийип жабыркады. Ал №2 шаардык ооруканага жеткирилди. Зарыл болгон жардамдын баары көрсөтүлүүдө. Безлюдовка аймагын аткылоодо дагы аял каза тапты. Өтө көп жараткат алган", — деп жазды губернатор.
Облус жетекчиси андан мурдараак Шебекино шаардык аймагына 371 ок атылып, ал эки адамдын өмүрүн алып, жети киши жарадар болгонун кабарлаган эле.
РИА Новости аталган аймак бейшембиге караган түнү украниалык аскерлер тарабынан аеосуз аткылоого алынгандыгын эске салды. Белгород облусунун губернаторунун орун басары Константин Полежаев турак үйлөр жана энергетикалык инфраструктуранын объектилери талкалангандыгын билдирген. Аймак жетекчисинин айтымында, куралдын үнү маал-маалы менен жаңырып, эл шаардан жана анын чет жакасынан жапырт кетип жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери Белгороддо убактылуу жайгашкан элди аткылады. Каза болгондор бар