Түркиядагы шайлоодо Эрдоган алдыда бара жатат. Шайлоо үкөктөрүнүн жарымы ачылды

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Эрдоганга негизги атаандаш болуп "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бюллетендер салынган шайлоо үкөктөрүнүн жарымын (51,3 пайызын) эсептей келгенде азыркы президент Режеп Тайип Эрдогандын алдыда экени анык болду. Бул туурасында Haberturk TV телеканалы билдирген.
Эрдоган добуштардын 52,3 пайызын, ал эми Кемаль Кылычдароглу 42,11 пайызын алган. Добуштарды саноо уланууда.
Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер — Ata альянсынан Синан Оган. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Эгерде талапкерлердин бири добуштардын 50 пайызын ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда болору айтылган.
Эрдоган Россияга тап берген Түркиядагы оппозицияны сынга алды