БИШКЕК, 7-май — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоору боюнча элеттеги дыйкан, фермерлерге 1,9 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымат 4-майга карата алынган, кредиттер эки категорияга берилет. Ага ылайык, өсүмдүк өстүрүү багытында 421 миллион сомго 1 015 насыя алышкан. Ал эми мал чарбачылык менен алектенүүгө 1 миллиард 480 миллион сомго 3179 насыя берилген.
Баарын кошуп эсептегенде 4 194 насыя алуучуга 1 милиард 901 миллион сом чегерилген.
Жеңилдетилген кредитти мамлекеттик "Айыл банк" жана "РСК банктан" гана алууга болот. Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбооруна республикалык бюджеттен 3 миллиард сом каралган. Учурда аталган сумманын 63,7 пайызы өздөштүрүлгөнү айтылды.