4 пайыздык "Социалдык ипотеканы" кимдер ала алат? МИКтин жообу

© Sputnik / Павел БедняковКурулуп жаткан көп кабаттуу үй. Архив
Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Турак жай банктардын катышуусуз, ижарага алып андан ары сатып алуу жолу менен берилет.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бийлик "Социалдык ипотека" деп аталган ипотекалык жаңы багытты кийирип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик сферанын адамдары эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.
Кредит алууга кимдер кезекке тура алат?
Беш же андан көп бала баккан үй-бүлөлөр;
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же майып адамды баккан камкорчу тарап;
Толук эмес үй-бүлөлөр (өспүрүм баланы атасы же энеси жалгыз баккандар);
Айыл жергесинде иштеген жаш адистер.
Турак жай банктардын катышуусуз, ижарага алып андан ары сатып алуу жолу менен берилет. Чет өлкөлөрдө иштеген республиканын жарандары да мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.
 №47 колониянын ордуна салына турчу үйлөрдүн эскизи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Бишкектеги 47-колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0