Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рим папасы Франциск Украинанын чабуулун токтотууга чакырууда

Понтификтин айтымында, эки тарап маңдай-тескей отуруп сөзгө келиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май – Sputnik. Рим папасы Франциск Украина менен Россияны чабуулун токтотууга чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москва менен Киевге өкүлдөрүн жиберүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Бүткүл дүйнөлүк эски ишеним бирикмесинин төрагасы Леонид Севастьяновго таянып билдирди.
Маалыматта анын понтифик менен жакында сүйлөшкөнү айтылган.
"Рим папасы Франциск Украинадагы чатактын тараптарын чабуул аракеттерин токтотуп, сүйлөшүп чечүүгө чакырды. Тараптардын каалоосу согуш талаасында эмес, маңдай-тескей болуп отуруп, кепке келгенде гана ишке ашат. Сүйлөшүү эки тарапты тең прогресске алып барат. Понтифик эгерде тараптар кааласа, сүйлөшүү процессин баштоого жардам бере турган өз өкүлдөрүн каалаган убакта Киев менен Москвага жиберүүгө даяр", – деген Севастьянов.
Октябрь айында Ватикандагы маалымат булагы РИА Новостиге Ыйык такты Украинада бейпилдик орношуна зарыл болгон нерселерди жасоого даяр экендигин айткан.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон киргизген сунуштарга Ватикандын кандай карайт деген суроого "эгер эки тарап тең ортомчулук кылууну суранса, Ыйык Такты албетте, артка чегинбестигин" белгилеген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай реакциядан кийин Россия байланыштарга ачык экендигин, бирок Украина "сүйлөшүүлөрдүн уланышын чектеп алганын" айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операцияны токтотууга эмнеге болбой турганын Кремлден айтышты