Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операцияны токтотууга эмнеге болбой турганын Кремлден айтышты

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскер кызматкери атайын операциянын түштүк секторундагы позициялардагы окоптордо
Россиялык аскер кызматкери атайын операциянын түштүк секторундагы позициялардагы окоптордо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Жазылуу
"Атайын операция максатына жеткенден кийин Москва сүйлөшүүлөрдү баштайбы?" деген суроого Песков "ооба" дегендей жооп берди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Киевдеги иштердин жагдайынан улам атайын операцияны токтотууга мүмкүн болбой турат. Бул туурасында Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Известия" басылмасына айткан.
"Азыркы абал, албетте, өзгөчө Киевдеги түзүлгөн жагдай бизге азырынча кырдаалды жөнгө салуу боюнча нюанстарды талкуулайбыз дегенге мүмкүнчүлүк бербей турат. Андыктан Украинанын Куралдуу күчтөрү максатына жетүүгө аракет кылууда", — деген ал.
Песков Украинада азыркы Киев режими жакпай турган күчтөр калганын айтып, Виктор Медведчук жана анын тарапташтарын эске салды.
"Украинада жашап тургандар үчүн коркунучтуу жана баш көтөрүп бир нерсе деши керт башы үчүн да кооптуу. Аларды дароо жок кылып жана көзүн тазалашат", — деди маалымат катчы.
"Атайын операция максатына жеткенден кийин Москва сүйлөшүүлөрдү баштайбы?" деген суроого Песков "ооба" деген таризде жообун берди. Ал россиялыктардын арбыны Путинди, атайын операциянын максатын колдой турганын билдирген.
Маалымат катчы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кытай планы туурасында айтып жатып коопсуздукту камсыздоо жаатында бир катар бөлүктөрү "Россиянын ыкмалары менен окшошуп, үндөшүп" кетерин белгиледи.
"Кытай — бардык эл аралык иштерде, көйгөйлөрдө биз эшитип келген үн, өлкө. Албетте, ал добуш Украина маселесиндеги кадамдарын, ыкмаларын аныктап, тактап алуу жаатында деле угулушу керек. Мындай нерсе болду. Кытай өзүнүкүн айтты. Тынчтык жолуна түшүүдө көйгөйдү жайгаруу, жөнгө салуу боюнча аракеттер кандай гана болбосун колдоого арзыйт, бирок, албетте, нюанстар да маанилүү", — деди Песков.
Маалымат катчы Батыштын киришкендигинен улам Украинадагы чатакта ортомчулуктун потенциалы жок болуп бараткандыгын айтты.
"Эгерде жалпы мазмуну боюнча сөз кыла турган болсок, бул жерде чоң суроо пайда болот. Себеби чатакташкан тараптарга нейтралитетти сактоо өзүнчө кадам. Ал эми кыйыр түрдө согуштук аракеттерге катышып, урушуп жаткандардын бир тарабына катыштыгыңды (Украинага) арбытуу ниетиңди жар салган такыр башка нерсе", — деген Песков.
Ал Батыш сүйлөшүү столуна мурда эле отурмактыгын айтты.
"Абал түп-тамырынан өзгөрүп кетти. Бул президент атайын операцияны баштоо чечимин кабыл алуунун алдында коопсуздук боюнча түптөгөн долбоорлорун Вашингтон, Брюссель жана Венага жөнөткөндө, алардын биз менен кайсы бир маселелерди сүйлөшүүгө даяр эместигин укканда эле болгон. Алар эгерде каалашса, биз менен сүйлөшүү столуна отурушат эле. Ооба, кыйын болмок, позицияны бербей талаш-тартыш жүрмөк, кээ бир жерде такыр сөзгө келбей калган учурлар кездешмек, бирок кандай болгондо да баары бир сүйлөшүүлөр жүрө берет болчу", — деп жыйынтыктаган сөзүн Песков.
Ал муну менен сүйлөшүүлөрдөн Батыш өлкөлөрүнүн баш тарткандыгын белгилеген.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украина менен болгон чырдын аякташын бардыгыбыз каалап жатабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0