БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорундагы ашууларда, жолдордо көчкү түшүү кооптуулугу бар. Мындай шашылыш билдирүүнү Кыргызгидрометеорология агенттиги таратты.
Бул 25- 29-апрель ичиндеги абанын температурасынын жогорулашына жана боло турган жаан-чачынга байланыштуу экени айтылды.
Төмөнкү жерлерде кар көчкү түшүүсү күтүлүп, күрткү жаралып, жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун айтышты:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу) жана 207-246-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу)
Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).
Адистер жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эске салды.