Бишкек — Анкара — Бишкек авиакаттамын ачуу пландалууда

Бул авиакаттам август айынан тарта күн сайын аткарылары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик компаниясы Бишкек — Анкара — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалып жатканын билдирди.
Рейстерди AnadoluJet авиакомпаниясы жумасына 4 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарып турат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.
Ошондой эле аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылары айтылды.
Май айында Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз учак каттай баштайт