БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери автоунааларга электрондук паспортторду каттай баштайт. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко "ЕАЭБ бирдиктүү рыногу үчүн продукциянын коопсуздугун камсыздоо" аттуу видео көпүрөдөн билдирди.
Иш-чара Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өттү.
© Sputnik / Нина Зотина
"Бирдиктүү электрондук паспортко өтүүдө союздагы өлкөгө өз машинаң менен барып сатууга жол ачылат. Темп биз каалагандай эмес, бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн инфосистемасы, мыйзамдары бар. Бул жаатта алып караганда Россия алдыда баратат. Процесс оңой эмес. Жалпы чечимдер иштелип жатат. Бул иштин стратегиясын түзүү керек", — деди министр.
Анын айтымында, бирдиктүү система союздун бир өлкөсүнөн экинчисине барган, сатылган, бир жерде өндүрүлүп экинчи жерде колдонулганын көзөмөлдөшү керектиги талкууланып жатат. Экинчи этапта өлкө ичиндеги автоунааларды электрондук паспорттоштурууга өтүү керек болот.
"Кыргызстан менен Армения өздөрүнүн ыкмаларын иштеп жатат. Биринчи этапта алар администратор менен лицензиялык келишимдин негизинде иштеп, андан соң электрондук паспортко өтүшү мүмкүн. Биздин билишибизче Кыргызстан өзүнүн инфосистемасын түзүүнү ниет кылып жатат. Бул өтө маанилүү, пайдалуу жана оңой эмес процесс. Себеби мында юридикалык жана жеке жактар камтылат. Максаты — транспорттордун жолтоосуз кыймылын камсыздоо. ЕАЭБге ташылып жаткан транспортторду көзөмөлдөө менен рынокту эски унаалардан коргой алабыз", — деди министр.