БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жекшембиде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас, Ысык-Көл облустарында +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +11…+16 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 градуска жетет.