Апрель айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовБишкектеги Ынтымак паркындагы эл. Архив
Бишкектеги Ынтымак паркындагы эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Алдыдагы айда өлкө боюнча жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет апрель айына карата тараткан аба ырайынын божомолунда өлкөнүн беш регионунда абанын айлык орточо температурасы нормадан бир аз жогору болушу күтүлөт.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометБишкектеги Ынтымак паркындагы эл. Архив
Среднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в апреле 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1…1,5 градус өйдө болору күтүлүүдө.
Апрель ичинде 12…14 градус жылуу болсо, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 7…9 градуска көтөрүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус жылуулуктан 11…16га чейин, күндүз 8…13төн 18…23 градуска чейин жылыйт. Ал эми кээ бир күндөрү 26…31 градус ысык болорун болжолдошту.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуулуктан 7…12ге чейин, күндүз 6…11 градус жылуулуктан 15…20га чейин жетип өзгөрүлүп турушу, ал эми кээ бир күндөрү 21…26 градуска жетиши ыктымал.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө -1...-3 градус төмөндөсө, тоо этектериндеги райондордо -2…-4 болуп үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 40-60 пайызды түзөт).
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогорулап, 9…11 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуулуктан 10…15ке чейин, күндүз 7…12 градустан 17…22ге чейин жогорулап, өзгөрүлүп турары айтылды. Ал эми кээ бир күндөрү күн ысып, термометр 25…30 градусту көрсөтөт.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы -3…-5 градуска чейин ылдыйлап үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 40-70 пайызды түзөт).
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Бул аймакта дагы абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогорулап, 14…16 градус жылуу, ал эми райондордо 10…12 градус жогорулашы күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус жылуулуктан 10…15ке чейин, күндүз 12…17 градус жылуулуктан 21…26га чейин чыгып, өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ал эми кээ бир күндөрү термометр 27…32ни көрсөтөрүн билдиришти.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус жылуулуктан 7…12ге чейин, күндүз 8…13 градустан 16…21ге чейин өзгөрүлүп турат.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0...-2 градуска чейин, тоо этектериндеги райондордо -1…-3кө чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 20-40 пайызды түзөт).
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Кыргызстандагы эң чоң алакандын ээси табылды. Баткендик Кубанычбектин маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Кыргызстандагы эң чоң алакандын ээси табылды. Баткендик Кубанычбектин маеги

Жалал-Абад облусу

Бул региондо дагы абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору болуп, 14…16 градус жылыйт. Аны менен катар эле тоо этектериндеги райондордо 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус жылуулуктан 10…15ке чейин, күндүз 12…17 градустан 21…26га чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү аптап болуп 27…32 градус ысый турганы күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12ге чейин көтөрүлүп, күндүз 8…13 градустан 16…21ге чейин жогорулашы мүмкүн. Кээ бир күндөрү абанын температурасы 22…27 градуска жетери айтылды.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы 14…16 болуп, тоо этектериндеги райондордо 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градустан 10…15ке чейин жогоруласа, күндүз 12…17 градустан 21…26га чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү аптап болуп, абанын температурасы 27…32 градуска чыгат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан тарта 7…12 градуска көтөрүлүп, күндүз 8…13 градустан баштап 16…21ге чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү 22…27 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0...-2, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градуска чейин түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүүнүн ыктымалы ушул мезгилде 20-40 пайызды түзөт).
Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.

Ысык-Көл аймагы

Апрель ичи Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1 градустан 4…9га көтөрүлөт. Күндүз абанын температурасы 6…11 градустан 13…18ге чейин жылуулайт. Кээ бир күндөрү 19…24 градуска чейин ысышы күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылыйт. Күндүз 5…10дон көтөрүлүп отуруп 12…17 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү 18…23 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.
Дарактагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Дем алыш күндөрү үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0