Былтыр 500 миңден ашык кыргызстандык РФтен медициналык жардам алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 2022-жылы 500 миңден ашык кыргызстандык Россиядан медициналык жардам алды. Бул тууралуу РФ саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Салагай "Дени сак коом" форумунда билдирди.
Иш-чара 23-24-март күндөрү Санкт-Петербургда өтүп жатат. Ага КМШ мамлекеттериндеги саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандан министр Гүлнара Баатырова жетектеген делегация барды. Ал форумда саламаттык сактоо тармагындагы аялдардын ролу тууралуу айтып берди.
Саламаттык сактоо министри Баатырова КМШ медиктеринин форумунда сүйлөдү