Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Украинадагы атайын операция маалында Су-34 учагынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү

Су-34 истребитель-бомбалоочу учагы оперативдүү жана тактикалык жактан жердеги буталарга так ракеталык жана бомбалык сокку урууга, ошондой эле абадагы буталарды жок кылууга арналган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Украинада Су-34 истребитель-бомбалоочу учагы, анын ичинде Х-29 жогорку тактыктагы башкарылуучу ракетасы кантип колдонуларын көрсөттү. Видеосун РИА Новости жарыялады.
"Учакка душмандын техникасын жок кылуу керек деген тапшырма берилген. Алар X-29 ракеталарынын жардамы менен тапшырманы аткарышты. Бул — жогорку тактыктагы курал. Бута жок кылынды. Объективдүү көзөмөлгө ылайык, бутаны жок кылуу дагы тастыкталды. Күжүрмөн учуулар ар дайым оор, курч жана жоопкерчиликтүү иш", — деп йатылат кабарда.
Су-34 истребитель-бомбалоочу учагы оперативдүү жана тактикалык жактан жердеги буталарга так ракеталык жана бомбалык сокку урууга, ошондой эле абадагы буталарды жок кылууга арналган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШдагылар МиГ-29га AIM-120 ракеталарын пайдалангысы бар. Аскерий сереп