Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШдагылар МиГ-29га AIM-120 ракеталарын пайдалангысы бар. Аскерий сереп

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМиГ-29 истребители. Архив
МиГ-29 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Вашингтон россиялык атайын аскердик операция зонасында киевдик режимди НАТОлук стандарттагы авиация менен жабдууга даай албайт. АКШ украиналык армиянын Аскер-аба күчтөрүнүн кем-карчысын ар кайсы мамлекеттердин эски МиГ-29 истребителдерин сатып алуу менен камсыздоодо.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Батыш кийин аларга "аба – жер" жана "аба – аба" тибиндеги америкалык ракеталарды айкалыштырууну көздөй турганын боолголойт.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби мурдагы күнү украиналык учкучтардын АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Аризонадагы базасында окуп жатышканы F-16ны айдоого даярдык эмес, МиГ истребителдери менен америкалык таамай ракеталарды интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн баалоо экенин билдирди.
Вашингтондун баамында Киевге НАТОнун учактарын берүүгө эртелик кылат, бирок конгресс былтыр июль айында эле украиналык авиаторлорду америкалык F15 жана F16 истребителдерин айдоону үйрөтүү үчүн 100 млн. доллар бөлгөн.
Апта башында, тагыраак, 6-мартта Кошмо Штаттар аймагында Украина Куралдуу күчтөрүнүн эки учкучун окутуу башталганы маалым (https://ria.ru/20230306/piloty-1856127882.html). Украина президенти Владимир Зеленский америкалык F-16 истребители согуш талаасында Украинанын жеңишине өбөлгө болот деген ойдо.
РФ Коргоо министрлигинин статистикасы сокку уруучу Батыш авиациясы менен камсыздоонун кажети жоктугун, себеби бир жыл аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 400дөн ашуун учагы, 200дөй тик учагы талкаланганын тастыктайт.
Россиянын Башкы штабынын маалыматтарына таянсак, атайын аскердик операция башталарда (2022-жылдын 24-февралында) Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн катарында 152 гана учак болгон. Анын ичинде бардык типтеги 85 истребитель катталган. Демек, Украина Куралдуу күчтөрүнүн жок кылынган 400 учагынын 250сү – Батыштан алган "шыбага". Көбүнесе АКШнын акчасына чар тараптан топтолгон советтик жана россиялык өндүрүштөгү МиГ-29, Су-27, Су-24 жана Су-25 болгон.
Америкалык ракеталык ок-дарыны интеграциялоого тегин жерден МиГ-29ду тандап алышпады. Бул – аба буталарынын бардык типтерин ракета жана борттук замбирек менен жок кылууга ылайыкталган төртүнчү муундагы фронттук истребитель. Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 2 400 чакырым. Эң бийик 18 000 метрге көтөрүлө алат. Багындыра ала турган ыраактыгы – 2100 чакырым. 3 тоннага чейинки курал сыйдыра алат.
МиГ-29 – эң кеңири таралган советтик (россиялык) истребителдердин бири, ар кыл модификацияда 1600дөн ашууну чыгарылган.
МиГ-29 учактарына Украина менен кошо расмий түрдө 29 өлкө ээлик кылат. Мисалы, Польшага Советтер Союзунан 50дөн ашуун МиГ-29 истребители мураска калган. Эми Варшава алардын баарын Киевге берүүгө даяр. Румынияда аталган учактан
АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Украинага F-16 истребителдери, Abrams танкалары керек эмес
24 бирдик бар. Кошмо Штаттар мурдараак Молдовадан МиГ-29дан 21 машина сатып алганы маалым.
Ал эми венгриялык 28, болгариялык 12 МиГ-29 истребителдин тагдыры негедир белгисиз. Словакия ушул айдын башында Украинага 10 даана МиГ-29 истребителин берүүгө даярдыгын жар салган. Азия жана Африка мамлекеттеринин авиапаркын эсептебеген күндө да АКШ Украинага сатып берип же алмаша ала турган 140 чакты учак бар.
МиГ-29 истребителдеринин (ошондой эле фронттук Су-25 бомбалоочу жана Су-25 чабуулчуларын) техникалык даярдыгын Польшадагы мамлекеттик Wojskowe Zakłady Lotnicze №2 авиаремонттук заводу калыптандыра алат. Бул Чыгыш Европадагы "Миг" жана "Сухойлорду" оңдоочу негизги база болуп саналат. Ал эми Львов авиазаводу россиялык атайын аскердик операциянын башында эле ракеталык сокку менен талкаланган. Украина Куралдуу күчтөрүнүн учкучтарын F-16 жана F-15 истребителдерин айдоого канча убакыт талап кылынары талкуу жаратат.
Атайын аскердик операция зонасында Россия Аба-космос күчтөрүнүн истребителдик авиациясынын (Су-57, Су-35С, Су-30СМ) артыкчылыгы айдан ачык. Су-27 жана Су-24 200 чакырымдан ашуун аралыктан "аба – аба" тибиндеги Р-37М ракеталары менен жок кылынганын британиялык булактар да тастыктайт.
180 чакырымга чейинки аралыкка ылайык "аба – аба" тибиндеги америкалык AIM-120 ракетасы менен айкалыштырылса да украиналык МиГ-29 жеңишке үлүшүн кошо албай турганы анык. Мурда АКШ адистери МиГ-29 менен радиолокацияга каршы коргонуучу AGM-88 HARM ракеталарын интеграциялашкан эле. Бирок алар деле украиналык согуштук аракеттер театрындагы күчтөрдүн айкалышын өзгөртүп жибере алган эмес.
Вашингтон киевдик режимди америкалык F-16 истребители менен жабдуудан орус куралдарынын технологиялык артыкчылыгынан улам чочулайт. Мыкты деп саналган америкалык AIM-120 ракеталары да ыраактык жагынан россиялык аналогу Р-37М ракеталарына (400 чакырымга дейре) караандабайт. Анан да гиперүндүү бул бирдиктер 6 Мах ылдамдыкта же саатына 7192 чакырым учат. Кое берилгенден кийин 3-4 мүнөт ичинде бутасына тиет. AIM-120 таамай ракеталары кандай болгон күндө да Украина Куралдуу күчтөрүнүн МиГ-29, F-16 же F-15 истребителдерине көмөкчү боло албайт.
Ошол себептен Кошмо Штаттарда украиналык жан кечти-учкучтарды (бир гана ирет уча турганы шексиз) кыйла арзан баада окутуп жатышат.
НАТО Украинаны курал менен жабдуу көлөмүн улам арттырууда. Пентагондун башчысы Ллойд Остин дагы ондогон ылайыктуу учакты сатып алуу үчүн Түндүк Африканын өлкөлөрүн кыдырууда. Мисалы, Египеттин Аскер-аба күчтөрү 2015-жылдан бери 40тан ашуун МиГ-29 истребителди пайдаланып келгени белгилүү.
Зеленский контрчабуул үчүн билек түрүнүп, Батыштан аскердик жардамды көбөйтүүнү өтүнүүдө. АКШ менен НАТОНун жетегиндеги киевдик режим Украина Куралдуу күчтөрүн кайтарымсыз жоготууларга дуушар кылып, жайкын тургундарды азапка салууда.
Анткен менен реалдуулук Вашингтон менен анын украиналык кол куурчактарынын агрессивдүү пландарын түзөтүп коюуда. Россиянын Куралдуу күчтөрү мурдагы күнү Украинанын аскердик инфраструктурасынын негизги объектилерине, аскер-өнөр жай комплексинин ишканаларына аба, деңиз жана жер бетине ылайыкталган, ыраак аралыкты багындыра алган куралдардын, анын ичинде "Кинжал" гиперүндүү ракеталык комплекси менен топтоштурулган сокку урду. Алар көздөгөндөй эле сокку уруучу пилотсуз учуучу техникалар жайгаштырылган жерлер жок кылынып, резервдерди жеткирүү, чет өлкөлүк куралдарды темир жол аркылуу ташуу үзгүлтүккө учурады. Ошондой эле аскердик техниканы ожоочу, ок-дары чыгаруучу кубаттуу объектилер иштен чыкты.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Бахмут. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Бахмутту чыңдоо" аракетинин аягы эмне менен бүтөт? Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0