ОшМУда МГУнун борбору ачылат, эки диплом берилет. Келишимге кол коюлду

Студенттердин эки өлкөнүн университеттеринин дипломуна ээ болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков менен Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) ректору Виктор Садовничий ММУнун Ломоносов атындагы борборун ОшМУда ачуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул туурасында түштүк борбордогу аталган ЖОЖдун маалымат кызматы билдирди.
Эки окуу жайдын ректорлору туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика (магистратура) багыттарында кош дипломдуу билим берүү программаларын киргизүү боюнча да макулдашкан. Ага ылайык, кыргызстандык студенттер 1-2-курсту ОшМУда, 3-4-курсту Россияга барып ММУда окушат, натыйжада эки университеттин дипломун алмакчы.
Аталган келишимдерге Москва шаарында Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV съездинде кол коюлган.
Радио
Кожобеков: эми ОшМУнун студенттери Россиянын да дипломуна ээ болот